Гречка тууралуу кызыктуу беш факт

грекчканын пайдалуу касиеттери

Гречка тууралуу 5 кызыктуу факт:

  1. Эттин эң мыкты алмаштыруучусу: Алмаштыргыс аминокислоталардын курамы боюнча гречканын белогу жаныбарлардан алынган азыктарга абдан жакын, ошондуктан ал эттин ордун басуучу теңдешсиз азык катары эсептелет. Ошол эле учурда, гречка организмге алда канча жакшы жана жеңил сиңет.

  2. Канттын деңгээлин турукташтырат: Гречка кандагы канттын деңгээлин бир калыпта кармайт. Гречка  жегенден кийин канттын деңгээли башка углевод камтыган азыктарды жегендегидей кескин секирик менен эмес, акырындык менен жана туруктуу көтөрүлөт.

  3. Иммунитетти бекемдейт: Гречка фолий кислотасына өтө бай. Бул зат организмдин тышкы чөйрөнүн жагымсыз факторлоруна карата жалпы туруктуулугун жогорулатууга чоң жардам берет.

  4. Эң таза жана табигый азык: Гречка — экологиялык жактан эң таза азык. Ал гендик модификациялоого (ГМО) мүмкүн болбогон сейрек өсүмдүктөрдүн бири болуп саналат. Гречкада эч кандай нитраттар, пестициддер жана гербициддер болбойт. Бул өсүмдүк химиялык кошулмаларга такыр муктаж эмес. Ал жер семирткичсиз эле мыкты өсөт, ал эми отоо чөптөр жана зыянкечтер менен эч кимдин жардамысыз эле өзү күрөшөт.

  5. Рактан коргоочу касиети: Гречканын эң маанилүү касиеттеринин бири — шишик ооруларынан коргоо. Анын курамындагы флавоноиддердин аркасында гречка шишиктердин өсүшүнө тоскоолдук кылат. Бул азыркы экологиялык татаал кырдаалда өзгөчө маанилүү. Ракка каршы касиеттеринен тышкары, гречканы дайыма колдонуу тромбоз коркунучун азайтып, кан тамырларды «жаман» холестеринден тазалоого көмөктөшөт жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүшүнө жол бербейт.

Жыйынтык: Андыктан гречканы көбүрөөк жеңиздер, достор. Бул азык — азыркы дүйнөдөгү эң мыкты, баалуу жана ден соолукка пайдалуу азыктардын бири!

Комментарии

Комментарий публикуется сразу. Будьте уважительны.

Пока нет комментариев — будьте первым.