Татымалдар (специялар) - ашыкча салмактын негизги душманы

Диетолог-окумуштуулардын айтымында

Татымалдар жана арыктоо сырлары

Диетолог-окумуштуулардын айтымында, татымалдар (специялар) кошулган тамак кадимки тамакка караганда ачкалыкты тезирээк кандырат. Мындан сырткары, татымалдар зат алмашууну (метаболизмди) тездетип, ашыкча майлардын топтолушуна каршы ийгиликтүү күрөшөт.

  • Корица (даршын). Арыктоону каалагандар үчүн эң мыкты татымал болуп эсептелет. Болгону чейрек чай кашык корица денедеги углеводдордун алмашуусун жыйырма эсеге жакшыртат. Мындан тышкары, бул татымал кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөйт, ал эми канттын кескин өзгөрүшүнөн улам адамда «карышкырдай ачкалык» ойгонот. Андан да кызыгы, корицанын жыты эле ачкалыкты алдап, токчулук иллюзиясын (сезимин) жарата алат. Бул татымалды чайга, быштакка (творог) же йогуртка, ошондой эле духовкага бышырылган алма же ашкабакка кошсо болот.

  • Кайен калемпири (кайенский перец). Тамакка кошулган бир чымчым калемпир метаболизм процессин 25%га тездетип, кандагы канттын деңгээлин төмөндөтөт жана табитти бууйт. Бирок, ашказан-ичеги жолдорунда оорусу бар адамдар бул татымалды колдонууда өтө этият болушу керек.

  • Куркума. Индиянын эң белгилүү татымалы. Ал эң сонун антиоксидант жана зат алмашууну активдештирүүчү каражат. Татымалдын курамындагы уникалдуу куркумин заты майлардын топтолушуна тоскоолдук кылып, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Куркуманы ар кандай жашылча рагуларын, соустарды жана салаттарды даярдоодо колдонсо болот.

  • Кардамон. Индиядан чыккан пиканттуу жана ачуу татымал. Бул татымал, биринчи кезекте, мыкты антиоксидант жана денедеги майды эритүүчү болуп саналат. Кардамон холестеринди ыдыратып, организмден чыгарат, иммунитетти көтөрөт жана депрессия менен күрөшөт. Аны дээрлик бардык тамактарга кошууга болот.

  • Анис (арпабодиян). Табитти төмөндөтүүчү эң сонун каражат. Бул өсүмдүктүн таң калыштуу касиеттери Гиппократ менен Авиценнанын доорунда эле белгилүү болгон. Мисалы, байыркы грек атлеттери маанилүү мелдештердин алдында ачкалык сезимин басуу жана ашказанын толтурбоо үчүн анистин уруктарын сөзсүз чайнашчу. Мындан тышкары, анис маанайды көтөрүп, көңүлдү сергитет.

  • Имбирь. Сымбаттуу келбетке жетүү жолундагы алмаштыргыс жардамчы. Ал тамагыңызга эң сонун даам жана жыт тартуулайт, андан тышкары тамак сиңирүү системасынын ишин жакшыртып, метаболизм процесстерин кыйла тездетет жана кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтөт.

  • Кара мурч. Бул татымалды дээрлик бардык кожойкелердин ашканасынан табууга болот. Бирок анын пайдалуу касиеттери тууралуу көпчүлүк биле бербейт. Көрсө, анын пайдасы абдан көп экен. Кара мурч май клеткаларын бузуп, ашыкча калорияларды эрите алат, мээнин жана нерв системасынын ишин жакшыртат. Ошондой эле зарна (изжога), тамак сиңбөө жана ич көбүү сыяктуу көйгөйлөр менен күрөшөт.

Комментарии

Комментарий публикуется сразу. Будьте уважительны.

Пока нет комментариев — будьте первым.