Тамак-аштын энергиясы жана аны даярдоонун сырлары

«Биз эмнени жесек, ошолбуз».

Байыркы заманда тамакты терс энергиядан тазалоо үчүн, аны даярдап жатканда атайын мантраларды же дубаларды окуп, ырдашкан. Бул тамакты тазалап гана тим болбостон, аны жасап жаткан аялдардын ички дүйнөсүн жакшы маанайга  көтөрүп, андан соң алардын маанайы тамактын даамына чоң таасирин тийгизген. Ошондой эле, дасторкон четине келген адамдардын жаман ойлорун жана терс маанайын  чыгаруу үчүн тамактанаар алдында да дубалар окулган.

Ал эми биздин заманда эмне кылса болот?

  • Биринчиден, тамакты сүйүү менен жасоону үйрөнүү керек. Бул тамак жасоодогу эң негизги нерсе. Тамак кимге арналса, ошол адамдарды сүйүү, тамакка кошулуп жаткан азыктарды сүйүү, тамак жасоо процессинин өзүн сүйүү. Тамакты жакшы ниет менен көңүл көтөрүңкү абалда, ачык маанайда даярдоо зарыл.

  • Экинчиден, тамак жасап жатканда бүт көңүлүңүздү тамакка бурууңуз керек. Тамак биздин эмоциялык абалыбызды өзүнө сиңирип  алгандыктан, ал даярдоо учурунда, даярдаган адамдын абалын эстеп калат. Эгерде тамакка кайдыгер мамиле кылсаңыз, ал дагы сизге ошондой эле кайдыгер даам менен жооп берет. Демек, даамдуу жана жеген адамдын көңүлү көтөрүңкү абалда болушу үчүн, тамак даярдоо учурунда телевизор, телефон жана башка тиричилик иштерине алаксыбай, бүт дитиңизди тамак жасоо процессине буруңуз.

  • Үчүнчүдөн, тамак жасап жатканда, акырын, эргүү тартуулаган жана жан дүйнөгө бейпилдик берген музыка коюп алсаңыз да болот. Ушундай жол менен сиз өзүңүздүн маанайыңызды көтөрөсүз (бул тамактын даамына түздөн-түз таасир этет) жана азыктарды керексиз маалыматтардан тазалайсыз.

Биз тамактанууну адамдын жашоо тиричилигинин жалгыз булагы деп ойлоп, ошого көнүп калганбыз. Тамак-аш жашоо үчүн энергиянын негизги булагы болбосо да, ал адамды физикалык деңгээлде гана эмес, рухий жактан да калыптандыруучу эң биринчи жана эң маанилүү фактор болуп саналат. Ушул сыяктуу факторлор аркылуу   аң-сезимибизди өзгөртсөк болот, демек, инсан катары калыптанышыбызга чоң таасирин тийгизет. Кандай гана инсандык өсүү болбосун, ал туура тамактануудан башталат.

«Биз эмнени жесек, ошолбуз».

Эгер бул сөздүн маанисине тереңирээк маани берсек, ал таптакыр жаңы жана терең ойлонууга түрткү болот. 

Комментарии

Комментарий публикуется сразу. Будьте уважительны.

Пока нет комментариев — будьте первым.