
«Идиш-аяк карманы (энергияны) өткөрүп берет»
Алтын, күмүш, жез жана дат баспас болоттон (нержавейка) жасалган идиштер башка адамдардын кармасын жана энергиясын өзүнө сиңирбейт. Ал эми калган идиштердин баары андан тамактанган адамдын кармасын өзүнө тартып алат. Ошондуктан, эгер үйүңүздө керамика же айнек идиштер болсо, алардын бир бөлүгүн үй-бүлөңүзгө, экинчи бөлүгүн конокторго бөлүп коюңуз. Бул үйүңүзгө келген адамдар сиздин жакшылыгыңызды (сообуңузду) алып кетпеши үчүн жана сиз алардын терс кармасын албашыңыз үчүн керек. Бир стакандан суу ичип, бир табактан тамактануу — жолдошуңуз менен гана (же андан кийин жесеңиз андан да жакшы), ошондой эле аң-сезими сиздикинен жогору деп эсептесеңиз,таза рухий адам деп кабыл алсаңыз,бир идиштен тамактансаңыз пайдалуу болот. Тамак-аш аркылуу адамдын аң-сезими берилет жана анын бир бөлүгү идиште калат. Буга өтө кылдат мамиле кылыңыз.
«Ашкананын түстөрү жылуу жана таза болушу керек»
Кызыл, сары, кызгылт сары — ашкана үчүн эң жагымдуу түстөр. Бул түстөрдүн энергиясы тамак сиңирүүнү жакшыртат жана көтөрүңкү маанай тартуулайт. Көк, жашыл, кырмызы жана башка муздак түстөр организмде шлактардын топтолушуна, тамак сиңирүүнүн начарлашына, апатияга жана депрессияга алып келет, ошондой эле табитти жоготушу мүмкүн. Кара түс ашкана үчүн өтө жагымсыз, ал жакшы энергияны бөгөттөйт. Андыктан дасторконду, салфеткаларды жана идиштердин түсүн кылдат тандаңыз.
«Ашканада аялзаты өтө таза болушу шарт»
Тамак жасоо үчүн атайын кийимиңиз болсо же жөн гана таза кийим кийсеңиз жакшы. Илгери аялзаты Жер эне сыяктуу өзүнө келген нерсенин баарын сиңирип алат деп эсептелип, аларга сыртта иштөөгө тыюу салынган. Анткени сыртка чыгып, адамдар менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн укканда, аял мунун баарын өзүнө сиңирип, үйүнө алып келет. Андан кийин тамак жасаганда, ошол эмоциялар жана терс энергия тамакка өтүп.
Ошондуктан, тамак жасоого киришерден мурун душка түшүп, күн бою топтолгон терс энергиялардан тазаланыңыз.
Эгер душка түшүүгө убакыт же мүмкүнчүлүк жок болсо, бетиңизди, колу-бутуңузду жууңуз, анткени энергия эң көп ошол жерлерге чогулат. Жана желкеңизге бир нече тамчы суу чачып коюңуз.
Асмандан түшүп жаткан ак түстөгү энергия сиздин назик денеңизди (тонкое тело), бардык эмоцияларыңызды жана сезимдериңизди тазалап жатканын элестетсеңиз болот.
Ашканага кирерден мурун ички дүйнөңүздү жакшылыкка, сүйүүгө жана бейпилдикке толтуруңуз. Анткени ашканада сиз үй-бүлөңүздүн тагдырын, маанайын жана бактысын жаратасыз.
«Аялдын тамак жасаганына карап, үй-бүлөнүн абалын билсе болот»
Тамак жасоо процессинде аялдын ою жана маанайы канчалык күчтүү жана маанилүү экенин жогоруда айттык.
Эгер үйдө тамак өтө ачуу болуп, татымалдар чегинен ашык колдонулса, демек, үй-бүлөдө эмоциялар чегине жетип, чыңалуу бар.
Эгер тамак өтө туздуу болсо, кумарлануу (страсть) жана кээде ачуулануу энергиясы топтолгон.
Эгер тамак такыр даамсыз (пресная) болсо, үй-бүлөдөгү мамиле да жакшы эмес.
Эгер үй-бүлө тез даярдалуучу (фаст-фуд) азыктар менен тамактанса, мамилелер да үстүртөн гана болот.
Жаңы даярдалган тамак мамилелерге жаңылык алып келет, ал эми ар түрдүү, кооз тамак-аш бүт үй-бүлөнү кубаныч жана позитив энергиясына бөлөйт.
«Тамак-аштан үнөмдөө — өзүн жакырчылыкка программалоо»
Үй-бүлөңүз үчүн сапаттуу азыктарды тандаңыз, үйүңүздө жаңы жана жакшы азыктардын руху дайыма орун алышы үчүн береке энергиясын жаратыңыз. Эгерде сиз «арзан» деп акыркы калган нерсени сатып алсаңыз, бул үйгө акчаңыз жетпей жаткандай терс энергияны алып келет. Даярдалган тамак да, үй-бүлө мүчөлөрүнүн аң-сезими да ушул маанайга сугарылат. Андыктан, арзандатылган, бир аз бузула баштаган азыктарды көп алгандан көрө, сапаттуусун азыраак алган оң.
«Азыкты сатып алардан мурун, аны сатып жаткан адамга көңүл буруңуз»
Сатуучунун энергиясы жакшылыкта (благость) болушу өтө маанилүү. Ал сизге азыкты кубаныч жана ыраазычылык менен сатса гана, ал азык үй-бүлөңүздүн ден соолугуна жана пайдасына кызмат кылат.
«Идиштер дайыма таза болушу керек»
Идиштин тазалыгы кожойкенин жүрөгү канчалык таза экенин жана үй-бүлөдөгү мамилелердин тазалыгына канчалык кам көрөрүн көрсөтөт. Идиш жуу — аялдын жүрөгүн өзүмчүлдүктөн жана жаман эмоциялардан тазалайт. Ар бириңиздин жашооңузда үйдө маанайыңыз жок келип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн идиштерин жуугандан кийин ичиңизде жеңилдик пайда болгон учурлар болсо керек. Бул аял башкаларга кам көрүү жана тазалоо аркылуу өзүнүн аң-сезимин тазалаганынан улам болот.
Маанилүү эскертүү: Курбуларыңызга же деги эле башка аялдарга үйүңүздө идиш жууганга эч качан уруксат бербеңиз. Алар ушундай жол менен сиздин жакшы кармаңызды жана сообуңузду алып кетишет. Ал эми өзүңүздүн жана үй-бүлөңүздүн сообун көздүн карегиндей сактоо керек!
«Бычак жана вилка дасторкондо жагымсыз буюмдар деп эсептелет»
Учтуу буюмдар адамдын энергетикалык талаасын кесүү касиетине ээ. Ошондуктан вилканын «үч айрысын» денебиздин эң сезгич аймактарынын бири болгон оозубузга багыттаганыбыз жагымсыз көрүнүш. Бул өзгөчө балдар үчүн зыяндуу. Учу учтуу эмес, бычактарды колдонсо болот.
«Дан жана буурчак өсүмдүктөрүн кылдат сактаңыз»

Дан жана буурчак азыктары айланасындагы карманын баарын чогултуп, өзүнө сиңирип алат. Дан — бул Күндүн, күч-кубаттын азыгы, бирок ал күчтүн сапаты ал дандын кайда сакталганынан көз каранды. Маселен, аны шкафта тунук баштыкка салып, ал эми жанында таштанды турса же адамдар урушуп жатса, дан ошол энергиянын баарын сиңирип алат. Ошондуктан буурчак-дандарды бекем жабылган темир идиштерде сактоо зарыл, аларга дуба же жакшылык алып келген ыйык сүрөт салып койсо, үй-бүлөңүзгө көбүрөөк пайда алып келет. Жана, албетте, ар бир айдын 11-күнүндө — Экадаши күнүндө, бүт үй-бүлөө дан жана буурчак тамактарынан баш тартуусу керек, бул абдан маанилүү, анткени дал ушул күнү данга жагымсыз энергиянын баары кирет.
«Оң кол менен гана тамактануу керек»
Эзотерикалык көз караштан алганда, аялдын сол колу таза эмес деп эсептелет, ал аркылуу терс энергия чыгат. Ошондуктан, эгер биз сол кол менен тамактансак, тазаланып, арылышыбыз керек болгон энергияны кайра өзүбүзгө алабыз. Балдарды да сол кол менен тамактандырууга болбойт, антпесе алардын да ден соолугуна зыян келтиребиз. Сол кол менен ашканада от жагууга, тамакты кесүүгө же аралаштырууга болбойт.
«Даярдалган тамакты жаап коюу керек»
Эгерде тамакты жасагандан кийин дароо жебесеңиз, аны сөзсүз салфетка же башка нерсе менен жаап коюңуз. Бул дүйнөдө бизден, адамдардан башка дагы ар кандай көзгө көрүнбөгөн тирүү жандар жашайт. Алар кадимки одоно материалдык тамактарды жей алышпайт, бирок тамак ачык калса, анын назик энергиясын жеп коюшу мүмкүн. Анда сиз үй-бүлөңүз менен алардын кешигин жеген болуп каласыз. Буга эч качан жол бербеңиз, анткени ал көзгө көрүнбөгөн тирүү жандардын аң-сезими адамдардыкынан алда канча төмөн.
«Таза тамак аң-сезимди тазалайт»
Сиз жасаган тамак физикалык жактан гана эмес, көзгө көрүнбөгөн деңгээлде да таза болушу керек. Үйүңүзгө зомбулуктун энергиясы орношун каалабасаңыз, зомбулук менен табылган азыктарды (эт, жумуртка, балык) үйгө алып кирбеңиз. Азык канчалык таза жана жакшылыктын шапаатында болсо, аны жеген адамдын аң-сезими ошончолук жогору болот.
«Тамакты ашырбай, так өлчөмдө жасоо пайдалуу»
Эң жакшы тамак — бул жаңы жасалып, дароо желген тамак. Тамакты эртеңкиге калтырганыбызда, ал өзүнүн назик кубатын жоготот, ал эми назик кубат кадимки физикалык элементтерден да маанилүү. Дал ушул тамактын назик бөлүгү бизге күч жана энергия берет. Ошондуктан сүйүү менен жасалган үй тамагы дүкөндүн салаттарына же кафенин тамактарына караганда дайыма даамдуу болот. Тамак даярдалгандан кийин 3 саатка чейин гана жаңы деп эсептелет. Эгер тамактангандан кийин бир нерсе ашып калса, аны жаныбарларга же канаттууларга берип койгон жакшы. Тамакты ыргытуу жаман жышаан, анткени аны менен кошо байлыгыңызды да ыргытып салышыңыз мүмкүн.
Комментарии
Пока нет комментариев — будьте первым.