Сүттүн баалуулугу

Мына ушундан улам, тамак-аш сөзсүз түрдө өтө ар түрдүү болушу керек деген түшүнүк — бул жөн гана жаңылыштык (иллюзия).

Эгер байкап көрсөңүздөр , наристе бир гана эненин сүтүн эмет, бирок анын тиштери, чачы, сөөктөрү — айтор, бүткүл денеси өсөт. (Залдан: «Апасы тамак жейт да».) Баары өсөт. Бирок бул болгону сүт гана да. Карагылачы, кадимки эле сүт, бирок организм андан өзүнө керектүү нерсенин баарын алат. Ал эми адам сүт ичүүнү токтоткондо, эмнегедир анын тиштери түшүп, бузулуп, начарлай баштайт. Бала сүт эмген убакта тиштери кандай сонун, дени сак эле!

Сүт ичкенде ушундай ажайып кооз тиштер өсүп чыгат. Ал эми качан гана ар кандай зыяндуу тамактарды жей баштаганда, тиштери чирип, бузулуп, бүйлөлөрү канай баштайт.  Ошондуктан, атүгүл чыгышта бир гана сүт менен азыктанып, андан бүткүл керектүү элементтерди алган адамдар абдан көп. 

Мына ушундан улам, тамак-аш сөзсүз түрдө өтө ар түрдүү болушу керек деген түшүнүк — бул жөн гана жаңылыштык (иллюзия). Тескерисинче, ведалык тамактануу илими бизди өзүбүзгө туура келген тамактарды табууга, аларды туура бышырууну үйрөнүүгө жана күнүмдүк негизги рационубузга киргизүүгө чакырат. Ал эми калган тамак-аштарды жөн гана рационду ар тараптуу кылуу үчүн, каалоого жараша кээде гана жеп туруу жетиштүү. Түшүндүңүзбү? Кеп мына ушунда.

Вячеслав Рузов

Комментарийлер

Комментарий дароо жарыяланат. Урматтоо менен жазыңыз.

Азырынча комментарий жок — биринчи болуңуз.