Аялдын сулуулугу: тамактануу жана күн тартиби

Аялга кантип туура тамактануу керек? Тамактануунун тартиптери.

Мен аялдарга шириндиктерди эрте менен жеш керек деп көп айтам. Кечинде канчалык жегиңиз келип турса да, өзүнүздү токтотуңуз , бардык таттуу тамактарды эртең менен гана жеш керек, анткени таттууну кечинде жесеңиз, ал сулуулукка эмес, түз эле майга айланат. Ал эми таттууну эртең менен жесеңиз, ал сулуулукка жумшалат, себеби күн чыкканда адамдын бүтүндөй психикалык энергиясы жогорулайт, ал эми таттуу тамак гормоналдык функциялардын иштөөсү үчүн абдан зарыл.

Таттууну колдонуунун убагы жана анын таасири

Маселен, аял киши эрте менен таттуу (мисалы: бал) жесе, анын баары бетине, көзүнө, эриндерине таасир этет – бүт энергия өйдө карай жылат. Натыйжада ал сулуу жана бактылуу болот. Ал эми түн ичинде, ай чыгып, күн батып баратканда жесе, мунун баары майга айланат. Анда да бети, эриндери толушу мүмкүн, бирок эттүүрөөк болуп, денеде бүктөмдөр (бырыштар жана майлар) пайда боло баштайт. Бул айрымдарга жакканы менен, негизинен аялдарга мындай көрүнүш такыр жакпайт.

Ошондуктан, арыктоо үчүн ич өткөрүүчү дарыларды ичип же оор аэробика менен машыгуунун кажети жок экенин айтканымда, аялдар абдан таң калышат. Арыктоонун эң негизги принциби — тамактануунун негизги өлчөмүн күндүн биринчи жарымына жылдыруу.

Тамактануу жана сиңирүү ритми

  • Түшкү тамак: Эгерде түшкү тамакты эртең мененки 11:00дөн күндүзгү 13:00гө чейин ичсеңиз, анда кечке чейин баары толук сиңип кетери анык. Күн чыгып келе жатканда же толук бата электе, бүт энергия иш-аракетке жумшалып, желген тамак толугу менен сиңет.

  • Кечки тамак: Бирок тамакты күндүзгү саат 15:00дөн кийин ичсеңиз, ал тамак түз эле май топтоого кетет. Бул жүз пайыздык факт.

Йога жана спорттун убактысы

Йога менен каалаган убакта машыгууга болот, йогада эс алдыруучу жана сергитүүчү (тонус берүүчү) көнүгүүлөр бар:

  • Сергитүүчү көнүгүүлөрдү күндүн биринчи жарымында жасаган оң.

  • Эс алдыруучу, бошоңдотуучу (расслабляющий) көнүгүүлөрдү күндүн экинчи жарымында жасаган жакшы.

Ошондой эле, кечинде көпчүлүк адамдар чуркаганды, активдүү кыймылдарды жасаганды жакшы көрөрүн эске алуу керек. Бирок адам жумуштан кийин, саат 20:00дөн кийин чуркаса, анын уйкусу сөзсүз бузулат. Муну менен ал өзүн катастрофага (кырсыкка) түртөт. Анда же уйкусуздук пайда болот, же организмдин толук кандуу эс алуусу таптакыр бузулат.

Ачуу тамак жана аялдын табияты

Күндүн ритми — бул да өтө маанилүү нерсе, ал аялга сулуу болууга жардам берет. Эгерде аял күндүн экинчи жарымында ачуу (острая) тамак жесе, анда анын бетине тез бырыш түшөт. Себеби ачуу тамак, өзгөчө кечки убакта, денени кургатат, тери кургак болуп калат. Бул аял үчүн өтө коркунучтуу.

Андан ары гормоналдык бузулуулар башталат. Анткени аялдын табияты өзүнөн-өзү муздак келет, ал эми Ай сулуулукту колдойт жана сулуулук өзгөчө кечки убакыттан көз каранды.

Кээде аялдар күйөөсүнө таарынып, «күйөөмө менин бар-жогум баары бир турбайбы» деп күйүтүнөн улам түндөсү хрен же чамгыр (редька) сыяктуу ачуу нерселерге тоюп  алышат (Орусияда бул кадимкидей эле көрүнүш, анткени күйөөсү башка нерсеге тоюп алып, диванда детектив көрүп отура берет). Бирок мындай учурда, орустар айтмакчы, сулуулуктун дареги да калбайт. Эмнеге? Анткени бул ачуу тамак ,  Айдын муздак энергиясы аялдарга таасирлүү энергиясын азайтат.

Мындай ачуу тамактарды аялдар түшкү тамакта жегени дурус. Эмне үчүн? Анткени аялдар темпераменттүү болушат, ал эми темпераменттүүлүк аял үчүн жакшы.

Олег Торсунов

Комментарийлер

Комментарий дароо жарыяланат. Урматтоо менен жазыңыз.

Азырынча комментарий жок — биринчи болуңуз.