Энелик сүйүү жана баланын эркек катары калыптанышы

Эркек баланын жашоосунда энеси анын жанындагы биринчи аялзат. Улан бала катары ал өмүрүнүн алгачкы он эки жылында апасына бекем байланат.

Кийинчерээк бул байланыш бошой баштайт, бирок ал дайыма эле толук үзүлө береби? Эгер эне өзүнө ишенген, эмоционалдык жактан бышып жетилген инсан болсо, ал уулун оңой эле коё берет.

Эне уулун атасынын колуна тапшырат. Эми эркек киши баласынын эркек болуп калыптанышына жоопкер болот. Мына ушундай жол менен жигиттик касиет жана жоопкерчилик атадан уулуна өтөт.

Бирок азыркы заманда баары эле жогоруда айтылгандай боло бербейт.

Көп учурда эне өзү жүрөгү коркунучка жана ишенбөөчүлүккө толгон кичинекей кыз бойдон кала берет. Ошондуктан ал өз уулун эч кимге ишенип тапшыра албайт. Атасына да, эненин жашоосундагы эң кымбат адамына көз арткан бойдок кызга да ишенбейт. Эне уулуна эркиндик бербей, бардык нерсени анын ордуна өзү чечет. Эгер ал өз колу менен уулун алсыз эркекке айландырып жатканын билгенде, уулуна башкача мамиле кылмак! Бирок ал муну билгиси да келбейт — анткени ал «Эне» да, өз боорунан жаралган баласын баарынан артык көрөт!

Аң-сезиминин түпкүрүндө ал жок дегенде уулуна керектүү жана кадырлуу болууну каалайт, анткени өзүн психологиялык жактан эч нерсеге арзыбагандай сезет. Натыйжада, өзүнө окшош эле алсыз инсанды тарбиялап өстүрөт.

«Эмне болуптур!» — дейт ал. — «Мен тирүү турганда, ал менин коргоомдо болот жана толугу менен камсыздалат».

Ушундай учурда минтип сурагың келет: «А сиз бул дүйнөдөн өткөндө, ал да сиздин артыңыздан оо дүйнөгө кетиши керекпи?»

Энелер, өтүнөбүз, коомго чыныгы Эркектер керек! Эркек балдарыңыздарды коё бериңиздер — аларга чыныгы эркек болууга мүмкүнчүлүк бериңиздер! Аларды ички коркунучтарыңыздан улам эмес, чыныгы, акылман мээрим менен сүйүңүздөр.

Энелер, бойго жеткен эркек сизге көз каранды баладай же андан да жаманы — "эрке бала"  катары кала бербеши үчүн, ойлонуу зарыл. Анткени ал сиздин "тийбе, жөн кой, андай болбойт" деген сокур буйругуңуздан жогоруу ойлоно албай калышы мүмкүн.

Эркектер, апаңыздар менен психологиялык жактан ажырашмайынча үйлөнбөңүздөр. Баары бир апаңыз өмүрүңүздөгү биринчи аял болгондуктан, ал сизди жубайыңыздан ажыратып алат.

Павел Раков

Комментарии

Комментарий публикуется сразу. Будьте уважительны.

Пока нет комментариев — будьте первым.